Бүгүн тоолуу райондордо жолдор тайгак болот

Бүгүн, 28-апрель күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок тартып, унаалардын жүрүүсүнө кыйынчылык жаратат. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.