2025-жылдагы Кадыр түн 26-марттан 27-мартка караган түнү белгиленет. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА малымат агенттигине Муфтияттан билдиришти.
«Кадыр түндө жасалган ибадаттардын сообу миң айлык ибадаттын сообуна барабар. Бул түнү Жабрайил (а.с.) баштаган периштелер жер бетине түшүп, таң атканча адамдарга салам-тынчтык тилеп турушат. Бул түнү кимде-ким ыклас менен ибадат кылса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет», — деп айтылат хадистерде.
Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?