Бүгүн «Ысык-Көл» мейманканасын бузууга каршы болгон жарандар чогулушат

Бүгүн, 28-декабрда саат 11:30да «Ысык-Көл» мейманканасын бузууга каршы болгон жарандар чогулушат. Бул тууралуу уюштуруучулар соцтармактарга жазып, катышууга чакырып жатышат.

«Намыс үчүн баарыңыздар келгиле, ар кимиңер өз салымыңарды кошкула, мамлекетибиздин талкаланышына жапатырмак каршы туралы!» — дешет алар.

24-декабрда президенттин иш башкармалыгы «Ысык-Көл» мейманканасын бузуу иштери башталганын, анын пайдаланууга кооптуу экенин билдирген. Ал эми кечээ, 27-декабрда мейманкананын ордуна административдик комплекс курулары маалым болду.