Бүгүндөн баштап Көлбаев атындагы туннелден өтүүгө чектөөлөр киргизилди (убактысы)

2022-жылдын 29 июль – 7 август күндөрү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу, К. Көлбаев атындагы туннелде унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана жол кызматынан маалымдашты.
29 июль – 7 август күндөрү;
Саат 04:00дөн 06:00гө чейин,
Саат 08:00дөн 10:00гө чейин,
Саат 12:00дөн 14:00гө чейин
Калган убакта каттам толугу менен ачык болот.
«Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Күз-кыш мезгилинде жол кыймылынын үзгүлтүксүз жана коопсуз болушу үчүн жол иштери жүргүзүлөт», — деп эскертет министрлик.