Бүгүнкү күндө Баткен боюнча 4 миңдей жаран үйлөрүнө кайтып келе элек

Кечээ, 8-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстан тараптан жасалган куралдуу баскынчылык актынын натыйжасында Баткен жана Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин башчысы бүгүнкү күндө орун алган бир катар курч маселелерди белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Баткен облусу боюнча 3 миң 942 жаран үйлөрүнө кайтып келе элек, тактап айтканда: 3 миң 781 жаран – башка үйлөрдө, 161 жаран кабыл алуу пунктунда жашап турат. Бул жарандар тиешелүү колдоого муктаж экенин эстен чыгарбоо керек, андыктан азыр борбордо, Чүй облусунда жана Ошто убактылуу жүргөн ар бир адам тууралуу маалыматты тактап, зарыл болгон учурда аларга жардам көрсөтүү керек. Толугу менен күйүп кеткен, оңдоого муктаж үй ээлерине 149,6 миллион сом компенсация төлөп бердик. Негизги маселе – 420 үйдүн курулушу, анын ар биринин баасы 3,3 миллион сомду түзөт», — деди ал.