Бүгүнкү күндө өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 32 миң бала бар

Биз үчүн ар бир адамга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кесиптик жана коомдук ишмердүүлүктө өз амбицияларын ишке ашыруусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүк берилиши абдан маанилүү. Бул туурасында вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Майыптуулугу бар жактардын иши боюнча кеңештин I жыйынынында  билдирди.

Чиновник белгилегендей, аталган кеңештин алкагында кыска мөөнөттө «Жеткиликтүү өлкө» программасы иштелип чыгып, кабыл алынмакчы.

Бүгүнкү күндө республикада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 194 миңге жакын адам жашаса, анын 32 миңи – балдар.