Бүгүнкү күндө өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар

Бүгүнкү күндө өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери жашайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Алардын ичинен 33ү майып, 13ү концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 15и Ленинграддын блокадачылары. Ошондой эле 1304 ооруктагы эмгекчилер бар. Тилекке каршы, жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саны азаюуда. 2020-жылдын 1-апрелине карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саны 241 адам болсо, бүгүнкү күндө алардын саны — 146.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, ооруктагы эмгекчилерин, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ай сайынкы жана ар жылдык бир жолку төлөмдөр берилет.