Бүгүнтөн баштап №216 кичи маршруттук каттам автобуска алмашат

Бишкек шаарында 29-апрелден тарта №216 автобус каттамы иштеп баштайт. Буга чейин аталган каттамда кичи автобус иштеп келген. Мындан ары ушул эле каттам номуру менен автобус жүрө баштайт.

Акыркы аялдама Ак-Өргө жаңы конушунда жана Аламедин-1 кичи районунда жайгашат. Күн сайын 26 даана автобус пландык чыгууну аткарат. Аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт.

Белгилей кетсек, учурда Кытай өлкөсүнөн алынган автобустардын экинчи партиясы келип жатат. Бара-бара бардык кичи маршруттук каттамдар автобустарга алмаштырылат.