29-декабрдан баштап №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Каттамдын баштапкы аялдамасы — «Бишкек автобекети» (Алма-Ата – Айланма жол көчөлөрүнүн кесилиши), акыркы аялдамасы – Чоң-Арык айылы. Пландаштырылган чыгаруу 25 бирдик, ал эми кыймыл аралыгы 8-10 мүнөт болот. Жаңы №146 муниципалдык автобустук каттам Аламүдүн жана Орто-Сай базарларын камтыйт.