Бүгүнтөн тарта Медеров көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Бүгүн, 2-апрелден тарта Бишкек шаарындагы Медеров көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Ошентип, Медеров көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот. Буга байланыштуу №212 коомдук транспорттун схемасынын багыты Горький көчөсүнө чейин өзгөрөт. Ошондой эле Медеров/Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилиши жана Медеров/Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачык болот.