«Бүгүнтөн тарта өчүрүлө баштайт». УКМК телефондорду каттоо боюнча түшүндүрмө берди

УКМК Кыргызстандын аймагында мобилдик түзүлүштү идентификациялоонун мамлекеттик системасын ишке киргизүү жөнүндө маалымат берди.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №287 токтомуна ылайык, контрафакттык (жасалма) уюлдук телефондорду колдонуудан, жарандарды коргоо максатында Кыргызстандын аймагындагы уюлдук телефондорду идентификациялоонун мамлекеттик системасы ишке киргизилген.

«Мамлекеттик идентификациялоо системасы (МИС)» – Кыргыз Республикасына импорттолуучу SIM-карталарды иштеткен түзүлүштөрдү контролдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык колдонулуучу түзүлүштөрдү каттоо үчүн бардык жыйымдардын, бажы алымдарынын жана салыктардын төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн арналган комплекстүү система болуп саналат.

 «Мамлекеттик Идентификациялоо Системасына» уюлдук телефондорду каттоо үчүн төлөмдөрдү, ошондой эле бажы алымдарын жана салыктарды — импорттоочулар көтөрөт жана андан ары жеке жактарга сатуу акысыз жүргүзүлөт.

Жогоруда аталган токтомдун 17-1-пунктуна ылайык жеке жак, Кыргызстандын аймагына бажы алымдарын жана салыктарын төлөбөстөн, өздүк пайдалануусу үчүн жылына 2ден ашык эмес уюлдук телефонду алып кире алат, болгону «Мамлекеттик Идентификациялоо Системасына» каттоо үчүн 600 сом гана төлөйт.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сатып алынган уюлдук телефондор (мисалы, телефон чет өлкөдөн алынса же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык онлайн маркеттеринен буйрутма аркылуу алынган болсо) “www.imei.kg” сайтында каттоодон өтүшү зарыл.

Кыргыз Республикасынын ичинде уюлдук телефон сатып алган адамга аппаратты өз алдынча каттоонун кажети жок. Уюлдук телефонду сатып алуудан мурун, *5656# кодун терүү менен, www.imei.kg сайты аркылуу же Билайн, Мега, О! операторлорунун тиркемелерин колдонуп, «Мамлекеттик Идентификациялоо Системасынада» катталган же катталбагандыгын текшерсе болот.

16-августтан тартып, «Мамлекеттик Идентификациялоо Системасынан» каттоодон өтпөгөн уюлдук телефондор, Beeline, Mega, O! байланыш операторлорунун кызматынан, акырындык менен өчүрүлө баштайт.  Буга байланыштуу катталбаган абоненттер каттоодон өтүп, 600 сом төлөгөн соң байланыш системасы калыбына келет.