Салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында 2025-жылдын 19-майынан 1-сентябрына чейин абанын күндүзгү температурасы 28ºС жана андан жогору болгон учурда болжол менен эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсү убактылуу чектелет. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Мында максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат.