Бүгүнтөн тарта Улуттук банк алтын куймаларын сата баштады

Бүгүн, 1-февралдан тарта Улуттук банк аффинаждалган алтын куймаларын Кыргызстандын ички рыногунда сатууга киришти. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти. 

Маалыматка караганда, аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10 миң 900дөн 13 миң 400 граммга чейинки салмактагы химиялык таза негизги металлдын курамында куйманын эритмесинин 99,95 пайызынан кем эмес өлчөмдө даярдалат. Сатуу баасы Улуттук банк тарабынан ар бир аффинаждалган алтын куймасы үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жекече белгиленет жана Улуттук банктын сайтында күн сайын жарыяланат. Улуттук банк тарабынан аффинаждалган алтын куймаларын кайра сатып алуу жүргүзүлбөйт.

Аффинаждалган алтын куймаларын жеке жана юридикалык жактарга сатуу (алтынды өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды кошпогондо) Улуттук банктын борбордук жүгүртүүдөгү кассасы тарабынан накталай эмес формада Улуттук банктын эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Аффинаждалган алтын куймаларын сатуу аларга аффинаждалган алтын куймаларынын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн ырастоочу даярдоочунун сертификатын жана аффинаждалган алтын куймаларын сатууга квитанцияны милдеттүү түрдө тиркөө менен ишке ашырылат.