«Быйыл ажылык сапардын баасы кымбат болот, болжол менен 4500 доллар, бирок бул акыркы чечим эмес», — дейт ажылык сапарды уюштуруу боюнча штабдын жетекчиси Абибилла Кадырбердиев.
Анын айтымында, бул буга чейинкиден 1 миң долларга кымбат. «Эки жылдан бери ажылык сапар болгон жок. Быйыл баалар кымбат болот, анткени баары кымбаттап, бензин 60-70 сомго чейин көтөрүлдү», — деди Кадырбердиев.
Быйыл Кыргыз жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Зыяратчылар акчасын 25-апрелден 30-апрелге чейин тапшырышы керек.