Быйыл «Ала-Арча» улуттук паркында конок үйлөр курулары маалымдалды

2023-жылы «Ала-Арча» улуттук жаратылыш паркында конок үйлөрүнүн курулушу пландалууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

«Улуттук «Ала-Арча» жаратылыш паркы жылдын төрт мезгилинде тең туристтерди тосуп алып, кооздугу менен суктандырат. Эс алууга, жакындарыңыздар менен сейилдеп келүүгө абдан ыңгайлуу, коопсуз жана шаардан алыс эмес. Сиздерди жагымдуу убакыт өткөрүп кетүүгө чакырабыз. Өткөн жылы жолун оңдоп, жарыктандыруу иштерин аягына чыгардык. Бул жылы конок үйлөрдү курууну, мекенибизге келген меймандарыбызга шарт түзүүнү максат кылып жатабыз»,- деп жазды ал.