Быйыл «Балага сүйүнчүнү» төлөө үчүн 740 миллион сом каралган

2023-жылы “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пул төлөө үчүн 740,9 миллион сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Ар бир жаңы төрөлгөн наристе үчүн өкмөт 4000 сом төлөп берет.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда жылына 150 миңге жакын бала жарык дүйнөгө келет.