Быйыл Бишкек шаарынын көчөлөрүнө 15 миң электр жарыны орнотулат. Бул тууралуу маалымат жыйында «Бишкек жарык» муниципалдык мекемесинин жетекчиси Алимбек Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, «Бишкек жарык» мекемесинин быйылкы бир жылдык бюджети 320 млн сомду түздү. Эми ал акчаларга бир даанысынын наркы 2 миң 500 сомдү түзгөн ламполар сатылып алынат.
«2019-жылы кышка чейин 7 миң лампа, 2020-жылы 13 миң 500 лампа орнотулду. Шаардын ичи эле эмес, жаңы конуштар да жарыктандырылды. Быйыл 3-4 миңдей лампа орнотуп койдук. Алардын санын 15 миңге жеткирели деп жатабыз», — деди «Бишкек жарык» муниципалдык мекемесинин жетекчиси Алимбек Абдылдаев.