Быйыл дагы Бишкекте Ноорузга карата майрамдык салтанат өтпөйт

Бишкекте Ноорузга карата майрамдык салтанат өтпөйт. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Мындай чечим өлкөдөгү туруксуз эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен коңшу өлкөлөрдө карантиндик чараларды күчөтүү COVID-19 коронавирустук инфекциясынан келип чыккан оорулардын жайылышын алдын алуу менен кабыл алынган. «Бишкек мэриясынын алдындагы шаардык эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссия Нооруз майрамына карата массалык иш-чараларды борбор калаада өткөрүүдөн баш тартууну чечти», — деп билдиришти мэриядан.

Белгилей кетсек, былтыр да Бишкекте Нооруз майрамы коронавируска байланыштуу салтанаттуу түрдө белгиленген эмес.