Быйыл ЖРТдагы негизги жана предметтик тесттер канча сом турат?

 ЖРТнын негизги тестине каттоо төлөмү быйыл мурдагыдай эле 370 сомду түзөт. Бул тууралуу Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева маалымат жыйынында билдирди.

Ошондой эле ар бир предметтик тест 370 сомдон болот. Батракееванын айтымында, кайсы бир багыт боюнча ЖОЖго тапшырууда предметтик тесттерди тандоо керек болот.