Быйыл Кадыр түн качан болору айтылды

Быйыл Кадыр түн 8-майдан 9-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

Бул түндө шариат, адеп-ахлак, куран жана хадис маселелеринен баяндар окулуп, Кадыр түн тоскондор таң атканча уктабастан, жакшылык тилешет.