Быйыл кумшекердин баасы дээрлик 50 пайыз кымбаттады

Өлкөдө 25-февралга карата кумшекердин орточо баасы 59,93 сомду түзөт. Бирок бүгүнкү бул баа өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 19 сомго башкача айткана 46 пайызга кымбат. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.

Мекеме өлкөнүн 18 калктуу конушу боюнча негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларына мониторинг жасап, мындан улам кумшекердин бир жыл ичинде кескин кымбаттаганын аныктаган.

Ошондой эле орточо баадан да кымбат кумшекер Жалал-Абад шаарында сатылат: 64,33 сом. Ошто 64,27 сом жана Исфанада 63,65 сомдон сатылат. Ал эми төмөн баа Ноокатта; 50 сом жана Өзгөндө 46,82 сом.