Быйыл кызыл аттестатты эң көп Бишкектин бүтүрүүчүлөрү алышат

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылындагы “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияcынын жыйынтыгы менен орто жалпы билими тууралуу артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктагандыгын маалымдайт. Бул тууралуу билим берүү министрлигинен маалымдашты.

Шаар, облустар боюнча:
Бишкек шаарынан – 68 окуучу,
Чүй облусунан – 20 окуучу,
Ош облусунан – 17 окуучу,
Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,
Баткен облусунан – 9 окуучу,
Талас облусунан – 8 окуучу,
Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,
Нарын облусунан – 6 окуучу,
Ош шаарынан – 6 окуучу.

Тест жүргүзүү 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер “Алтын тамга” ЖМАны 4 милдеттүү окуу сабагы боюнча тапшырышты: математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия.

“Алтын тамга” тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.