Быйыл өкмөт дыйкандардан 150 тонна дан азыктарын сатып алууну пландаган. Бирок…

24-июнда өткөн Министрлер кабинетинин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, тамак-аш тартыштыгынын алдын алуу үчүн Казакстан гуманитардык жардам катары берген 10 миң тонна унду буудайга алмаштырууну сунуштады. Министр коңшу өлкөдөн келген ун нымдуу экенин айтып, аны сактасак көгөрүп кетерин билдирген. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов министрдин сунушу боюнча атайын механизм иштеп чыгууну тиешелүү тараптарга тапшырды. «Быйыл өкмөт дыйкандардан 150 тонна дан азыктарын сатып алуу пландаган. Бирок сугат суунун тартыштыгынан улам, түшүмдүн көрсөткүчү начарлап, пландалган дан азыктары чогулбай калуу коркунучу жаралууда», — деп айтылат маалыматта.