Быйыл «орозо айы» качан баштала турганы айтылды

Быйыл орозо кармоо болжол менен 13-14-апрелде башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Алардын айтымында бул күн айдын жаңырышына карап өзгөрүшү мүмкүн.

Белгилей кетсек, мусулмандардын куран китебинде: “Рамазан айы адамдарга туура жолду көрсөтүүчү жана ушул туура жолдун, жакшы менен жаманды ажырата билүүнүн ачык-айкын далилдери катары Куран түшүрүлгөн ай”,- деп берилет жана бир жылда отуз күн орозо кармоо Ислам дининдеги негизги беш парздын бири деп айтылат.