Быйыл Ошто 2 миң 612 үй бүлөгө 100 миң сомдон берилген

Быйыл Ош облусунда аз камсыз болгон 2612 үй бүлө менен “социалдык келишим” түзүлүп, ар бирине 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев социалдык баракчасына жазды.

Анын айтымында, 2022-жылы 350 үй бүлөгө “социалдык келишим” аркылуу 100 миң сомдон акча каражаты берилген.

Бул долбоор президенттин колдоосу жана демилгеси менен Министрлер кабинетинин кабыл алынган токтому менен Эмгек министрлиги, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан ишке ашырылууда.