Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу курулуш материалдарынын баасы 10,5 пайызга кымбаттады

Ушул жылдын майында өткөн жылдын май айына салыштырмалуу азык-түлүккө кирбеген товарлардын баалары жалпы республика боюнча 4,2 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, курулуш материалдары мурдагы жылга караганда 10,5 пайызга кымбаттаган. Анын ичинде кирпич 17 пайызга, кесилген жыгач материалдар 15,6 пайызга, шифер 15,2 пайызга, цемент 10,4 пайызга кымбаттаган. «Айрым аймактарда кирпичтин чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты. Баалардын эң жогорку деңгээли (1000 даана үчүн — 10 000 сом) Нарын жана Талас облустарында байкалды. Кесилген жыгач материалдары Баткен (19 313 сом — куб метр) жана Жалал-Абад (18 135,2 сом) облустарында олуттуу кымбаттаганы катталды», — деп айтылат маалыматта.