«Быйыл үй алгандар 9 жылдан кийин дагы үйлүү болушу мүмкүн» дейт сюцай чебери

2024-жыл кандай жыл болот? Астролог, сюцай чебери, төлгөчү жаңырган жылга карата божомол айтышты.

Сюцай чебери Толкунай Мамытованын айтымында, бул жылы адамдар материалдык байлыкка жетишсе болот. «Бул жылда аброй тапса болду. Окуш керек, иштеш керек. Адам канчалык иштесе анын тапканы берекелүү болот. Бул жыл ар бир 9 жылда кайталанып турат. Быйыл насыя, карыз алууга болбойт. Анткени аны төлөө кыйын болуп калат. Быйыл үй алгандар 9 жылдан кийин дагы үйлүү болушу мүмкүн. Ушак айтып, жамандык кылганга болбойт», — деди ал.