Быйылкы жылдын I кварталында жашоо минимумунун көлөмү 6813 сомду түздү

2022-жылдын I кварталында жашоо минимумунун көлөмү 6813 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 16,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

2021-жылдын III кварталында жашоо минимумунун өлчөмү 6382 сом 69 тыйынды түзгөн. Ал эми 2021-жылдын I кварталында кыргызстандыктардын жашоо минимумунун көлөмү 13 пайызга көбөйүп, 5 миң 840 сом 40 тыйынды түзгөн.