Быйылкы көл сезонунда Оштон Тамчыга алгачкы аба каттамы учуп барды

«Ысык-Көл» аэропорту 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилиндеги Оштон учуп келген биринчи авиакаттамды кабыл алды.

Бүгүн, 30-июнда «Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош-Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү жеткирди. Ал эми Тамчыдан Ош шаарына 103 жүргүнчү учуп кетти. Каттамдар жумасына 6 жолу — шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Каттамдар 31-августка чейин каттайт.