Былтыр өлкөдө тамак-аш азыктарынын ичинен күрүч эң көп кымбаттаган

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өткөн жылы тамак-аш азыктарынын ичинен күрүч эң көп кымбаттаган. 2023-жылдын декабрында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу өсүш 39,9 пайызды түзгөн.

Ошондой эле, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча жаңы мөмө-жемиштер (23 пайызга), кондитердик азыктар (9 пайызга), балык (8,3 пайызга), макарон жана башка дан азыктары (7,3 пайызга), алкоголсуз суусундуктарга баалар (5,9 пайызга), сүт азыктары (5,6 пайызга), нан (5,2 пайызга) кымбаттаган.

2023-жылы баанын бир аз олуттуу өсүшү этке (1,4 пайызга) жана унга (1,3 пайызга) болгон.