Бүргөндүнүн тургундары ылай суу ичкендиктен, ал аймак жугуштуу инфекциялык оорулардын уюгуна айланган

Кечээ, 3-февралда Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков Ноокен районунун жетекчилиги баштаган айыл өкмөт башчылары менен жолугушту. Ага тармактык министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери да чакырылып, Ноокен районундагы көйгөйлөрдү жергиликтүү жетекчилерден угушту.

Бүргөндү, Шайдан, Масы айыл өкмөтүнүн башчылары таза суу көйгөйүн көтөрүштү. Маселен, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Зайырбек Арстанбеков тургундар сайдагы ылай сууну ичкендиктен, ал аймак ар түрдүү жугуштуу инфекциялык оорулардын уюгу катары өлкө боюнча эң кооптуу деп аныкталганын эскертти. Муну менен катар жолугушууда сугат суу тартыштыгы да күч экени айтылды. Депутат Бактыбек Сыдыков суу маселеси белгиленген мөөнөттө чечилиши керектигине токтолуп: “Кыргызстан боюнча таза суу долбоорлору 2026-жылга чейин бүтүшү зарыл. Эгер мындай ыргак менен иш алып барсаңар, таза суу программалары 2030-жыл чейин да бүтпөйт”, — деди жана тийиштүү мекемелерди элдин талабын аткарууга чакырды.

Жыйынтыгында көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча жергиликтүү бийлик менен министрликтер тыгыз байланышта иш алып баруу зарылдыгы белгиленди.