Тез жардам кызматкери: «Бүт жашоом көз алдыман өттү» деп айтышат»

Сиренанын үнүн жаңырта чакыруулар боюнча медициналык жардамга муктаждарга шашып жүргөн тез жардам кызматкерлерин көрүп жүрөбүз. Дал ошол тез жардам кызматында 33 жылдан бери эмгектенген Айнагүл Алымкулова SUPERTV’га өз ишиндеги эсте калган, жүрөк үшүн алган, кейиткен жана кубанткен учурларды эстеп айтып берди.

«Клиническая смерть» деп коёт. Ошого туш болгон адамдардын көбү айтат «Тез жардам унаасында бара жатканда бүт жашоом көз алдыман өттү» деп. Кыргыздар «жан алгыч келип, жанын алып кетти» деп коёт го. Эми ал Кудайдан да. Жашагандар жашап кетет, өлгөндөр өлөт дегендей. Кээ бирөө тозокту көргөнүн айтышат. 

Өлгөндө адамдын денесинин өңү башкача болуп калат. Кан жүгүрбөй купкуу болуп калат. Каза болгон кишинин денесин колуң менен бассаң, чуңкур болуп, кайра калыбына келбей калат. Тирүү кишиники кайра эле калыбына келет», — деди ал.