Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жалпы аянты 1,4 гектар жер тилкеси жана курулушу толук аяктай элек имараты Ош шаардык сотунун чечими менен Ош мэриясынын менчигине өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты.
«Муниципалдык менчикке өткөн бүтө эле курулуш имараты толук оңдолуп, түзөлгөн соң мектеп катары пайдаланылат. Бүгүн аталган аймактын каралбай калган айланасындагы бак дарактарды, көп жылдык чөптөрдү жана таштандыларды алып салуу, тазалоо иштери «Ош тазалык» ишканасынын жумушчулары тарабынан иретке келтирилди. Ал эми имараттын ички бөлүгүндө билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү», — деп жазылат билдирүүдө.











