“Бүтүн Кыргызстан” партиясы добуштарды кайра саноо боюнча арызын кайтарып алды

“Бүтүн Кыргызстан” 200дөн ашуун шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра саноо боюнча билдирүүсүн кайтарып алды. БШК 6 участкадагы добуштарды кайра саноону партия менен тактап жатат.

Буга чейин шайлоо участкаларында кол менен эсептөөнүн протоколдору БШКнын сайтына жарыялангандан кийин “Ишеним” жана “Ата Журт Кыргызстан” партиялары өз арыздарын кайтарып алышкан. “Ынтымак”, “Альянс” жана “Эл үмүтү” партиялары да көпчүлүк шайлоо участкалары боюнча арыздарын кайтарып алышты. “Эл үмүтү” партиясы мурда жарыяланган 58 шайлоо участкасынын 11инде добуштарды кайра саноо үчүн арыз калтырды. “Ата Мекен” жана «Социал-демократтар» партияларынын билдирүүлөрү каралууда.