«Бүтүн Кыргызстан» партиясы добуштарды кайра саноону талап кылууда

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы бир нече шайлоо участкаларындагы добуштарды кайра санап чыгууну өтүнөт. Саясий уюмдун өкүлдөрү БШКга кайрылышкан.

Ыкчам жооп берүү боюнча координациялык топко жөнөтүлгөн арызда төрт тилкедеги №2223, 2221, 2220, 2219 добуштар, протоколдордун тууралыгы менен бирге күмөн жаратканы айтылат.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, беш пайыздык чектен алты партия өттү.