“Бүтүн Кыргызстан” партиясы Садыр Жапаровдун сөзүнөн улам ЖМКнын үстүнөн арыз жазды

БШКнын Ыкчам жооп кайтаруу координациялык тобуна “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан АКИpress маалымат агенттигинин үстүнөн, тагыраак айтканда, 19-ноябрдагы макаласы боюнча арыз түштү. Ал АКИpress маалымат агенттигинин «День 19 ноября: президент Жапаров обещает посадить кандидата за предательство» деген аталыштагы макаласына байланыштуу.

Макалада төмөнкүдөй жазылганы белгиленет: “Президент Садыр Жапаров бүгүн “Шайлоодон кийин суракка алып, тыкыр иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз, чыккынчылар үчүн кылмыштын эскирүү мөөнөтү болбошу керек” деп катуу билдирүү жасады. Сөз кайсы күнөөлүүлөр жөнүндө болуп жатат? «Жерди сатып, Баткенди өнүктүрбөй таштап кеткендер тууралуу сөз болуп жатат, азыр алардын убагында кылган аракеттеринен улам ал жерлерди кайтарып алууга аракет кылып жатабыз» деди президент. Эмне үчүн муну азыр жасоого болбойт? «Учурда шайлоо процесси жүрүп жатат, бул учурда суракка алуу мүмкүн эмес» деп түшүндүрдү ал. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, катталган талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга жана камакка алууга болбойт. Башкача айтканда, президент Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди айтып жаткан. Акыркы ай ичинде президент коңшу мамлекеттерге жерди өткөрүп берүү боюнча эки фактыны – 1956-жылдагыны жана 2009-жылдын 3-мартындагы окуяны айткан. Биринчи учурдагы боюнча тиешеси барлардын баарынын көзү өткөн, экинчиси боюнча Төрт-Көчө тилкесиндеги 275 метр жерди тажик жери деп таануу тууралуу протоколго кол койгон депутаттыкка талапкер Адахан Мадумаровго тиешеси бар. Сыягы, президент айтып жаткан талапкер үчүн азыркы шайлоонун жыйынтыгы жашоодо эң маанилүүсү болот окшойт – кантсе да аз добуш алып, Жогооку Кеңешке өтпөй калса, түрмөгө отурушу мүмкүн…».

“Бүтүн Кыргызстан» партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Артур Бакиров маалымат агенттиктин бул макаласы Кыргыз Республикасынын президентинин сөздөрүн уруксатсыз чечмелеп, талапкердин, саясий партиянын аброюна шек келтирет деп эсептейт жана ага карата чара көрүүнү өтүнөт.

Өкүл журналисттер 2009-жылдын 3-мартындагы түпнуска булакка көңүл бурбай, Мадумаровдун аракеттеринин мыйзамсыздыгы тууралуу цитата келтирбегендигин белгилейт. Себеби, документте жерди сатуу же тажик тарап менен талаштуу тилкеге ​​менчик укугун таануу тууралуу бир да сөз жок. «Президенттин сөзү президенттин сайтында жарыяланган жок, макала талапкерди эң ​​терс өңүттө көрсөтүп, макалада бир гана талапкердин аты аталды”, — деп өкүл белгилейт өз арызында.

Артур Бакиров бул материал окурмандарга бурмаланган маалымат берүү жана шайлоо өнөктүгүн үзгүлтүккө учуратуу максатында түзүлгөн деген оюн айтты. Партия бул маалымат каражаттарына чара көрүүнү суранат. Даттануу үгүт иштери боюнча жумушчу топторго, ошондой эле шайлоо процессинен түшкөн даттанууларга берилди. Азырынча ал боюнча чечим чыга элек.