«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова сурак берген соң бошотулду

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова тергөө кызматына көрсөтмө берүү үчүн алып келинген. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Тергөө иш-чараларынын алкагында Орозайым Нарматова бүгүн ИИМдин Тергөө кызматына көрсөтмө берүү үчүн алып келинген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө кызматы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Жаш саясатчы ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, күбө катары суралган. Зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жыйынтыкталган соң, Орозайым Нарматова коё берилди.

Мындан көп өтпөй, ал соцтармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылды. «Урматтуу мекендештер! Мага колдоо көрсөтүп, көңүл айтып, чындык үчүн бир болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем! Азыр мени атайын кызматкерлер туугандарымдын үйүнө алып келишти. Буйруса, эртең менен Москва шаарына узатып коюшат. Менде баары жакшы! Тергөө иштерин ачыктабоо боюнча кол койдум, түшүндүрүү иштери болду, рахмат баарыңыздарга. Буйруса, кененирээк эртең айтам, Кудайым ыраазы болсун баарыңыздарга! Сиздерди кыжаалатка салганым үчүн кечирим сурайм», — деп жазылат Орозайым Нарматованын кайрылуусунда.