«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын Оштогу аэропорттон кармалганы айтылууда

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын Оштогу аэропорттон кармалганы айтылууда. Бул тууралуу санаалаштары соцтармакта жазып жатышат.

Партиянын тараткан билдирүүсүнө ылайык, Орозайым Нарматова бүгүн, 10-сентябрда таңкы саат 5:00 чамасында укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Ал эми расмий органдар бул боюнча комментарий берише элек.

27 жаштагы Орозайым Нарматова соцтармактагы аянтчалар аркылуу учурдагы бийликти катуу сындап келчү. Ал өткөн жылдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстандын» алдыңкы ондугунда талапкер катары катышкан.