Бүтүндөй элдин сүймөнчүгүнө айланган балага фотограф белек берип келди (сүрөт, видео)

Бүтүндөй элдин сүймөнчүгүнө айланган балага фотограф Зафер Динчер кайрылып барып, белек-бечкегин берип келген. Бул тууралуу сүрөтчү Инстаграмдагы баракчасына жазып, видео жана сүрөттөрдү жүктөдү.  «Белектерибизди берип келдик… Бул күн мен үчүн да абдан жакшы күн болду», — деп жазды ал.

Фотограф Зафер Динчер буга чейин соцтармактагы баракчалары аркылуу керемет сүрөттөрдүн топтомун жарыялаган. Интернет колдонуучулардын басымдуу бөлүгү сүрөттөгү баланын баёо көз-карашына, сүйкүмдүүлүгүнө эзилип бүтпөй, дагы бир бөлүгү жайлоону, кымызды сагынганын жазышкан. Фотограф кадрлар уюлдук телефондун камерасына тартылганын билдирип, топтомду «Тоонун баласы» деп атаган.