Бүтүрүүчүлөр үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 15-июнга чейин жүргүзүлөт

Билим берүү жана илим министрлиги бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 3-июндан 15-июнга чейин жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.
Тагыраагы, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 4 предмет боюнча жүргүзүлөт.
9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:
— алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 3-июнда;
— эне тилинен (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 7-июнда;
— кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнда;
— Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 14-июнда.
11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:
— эне тили жана адабиятынан (эссе) – 3-июнда;
— математикадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 7-июнда;
— Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 11-июнда;
— кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 14-июнда.