Эмне үчүн Акжол Махмудовду түз эфирден көрсөтүшкөн жок? УТРК «бюджеттен акча каралган эмес» дейт

GR 77kg Akzhol MAKHMUDOV (KGZ)

Социалдык тармактын колдонуучулары Дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовдун беттештерин түз эфирде УТРКнын Спорт каналынан бербегенине нааразы болушуп, каналдын жетекчисин сынга алышууда. Бул боюнча Спорт каналынын продюсери Шайырбек Арапов соцтармактагы баракчасына түшүндүрмө катары пост жазды.

«Эмне үчүн КТРК СПОРТ күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун көрсөтпөй жатасыңар?» деген суроолор келүүдө. Ооба, көрсөтпөй жатабыз. Анткени бизде лицензия жок, лицензия абдан кымбат турат. КТРК СПОРТ контент, лицензия сатып алсын деп мамлекет тарабынан бюджеттен акча каралган эмес. Кандай спорттук иш-чараларды чагылдырып жатсак, ошонун баары мүмкүнчүлүккө жараша болууда», — деди ал.