Cаат 22:15те тажик тарап Достук айылын миномёттон атууну токтотту

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан саат 22:15те тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон атууну токтоткондугун маалымдашты.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда.
УКМКнын Чек ара кызматынын жарадар болгон аскер кызматкерлерин абалы оор деп мүнөздөлүүдө. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген. Аскер кызматкери операцияга даярдалууда.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлүүдө.