«Centerra Gold» компаниясы Тенгиз Бөлтүрүккө каршы иш козголгонун жарыялады

«Centerra Gold Inc.» компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүккө каршы «Кумтөр» кенин кыргыз өкмөтү тартып алгандыгына байланыштуу компанияга карата ишенимдүү милдеттерин одоно бузгандыгы үчүн Онтарионун Жогорку Сотунда мыйзамдуу иш козголгон. Бул тууралуу компаниянын 20-майдагы билдирүүсүндө айтылат.

Анда Тенгиз Бөлтүрүктүн «Кумтөр» кенин башкарууга түздөн-түз же кыйыр катышуусуна тыюу салууга аракет кылып жатканы белгиленди. Эми «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу ишенимдүү адам катары милдеттенмелерди, ошондой эле компаниянын купуялуулугун сактоо боюнча милдеттенмелерди бузган деп айыпталууда.

Мурда маалымдалгандай, «Центерра» «Кыргызалтын» ААКнын, анын ичинде Тенгиз Бөлтүрүктүн акыркы аракеттерин иликтөөдө. «Бүгүнкү күнгө чейин айтылган маалыматтарга таянып, компания «Центерранын» директорлор кеңешинен кеткенге чейин Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенин көзөмөлгө алуу пландары боюнча кыргыз өкмөтү жана башка тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгендигин билди. Тенгиз Бөлтүрүк бул маалыматты «Центеррага» айткан эмес», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.