Чабандар таап алган сүлөөсүндүн мыймыйы өлүп калды

13-январда Ысык-Көлдө Көк-Төбө айылындагы кашарда чабандар сүлөөсүндүн мыймыйын таап алышканын айыл өкмөткө кабарлашкан. Алар Бишкектеги «Бугу эне» фондуна өткөрүп беришкен.

Фонд ага Ширин деген ат берип, дарылап жаткан. Бүгүн, 21-январда социалдык тармактагы баракчасына мыймыйдын өлгөнүн билдиришти.

Коомдук фонд жаныбар жакшы каралса да өтө эле арык болгондуктан, сактап кала алышпагандыгын билдирген. Алынган анализ анын боору начар иштегенин көрсөткөн.