«Чачырап кеткен денесин чогултушуптур» дейт жол кырсыктан кызын жоготкон эне

29-августта поезд тебелеп, эки бутунан ажыраган Тилек Жумабеков менен жубайы көз жумганы маалым болгон. Кырсык Кемин шаарында катталган.

Милициянын маалыматына караганда, кырсык 26-августка караган түнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда катталган. Субару Легаси үлгүсүндөгү жеңил унаа менен MAN жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 5 адам көз жумган. 

Леди.кж басылмасы Тилек Жумабековдун жубайынын апасы менен баарлашты. Ал кызынын каза болгонун Орусияда жүрүп укканын айтты. «Мен суук кабарды Орусияда жүрүп уктум. Эртең менен жолдошум чалып ооруканада жатканын айтып, тез арада Кыргызстанга келишимди айтты. Биздикилер эртең менен атасын РИИБге чакырганда билишиптир. Барганда деле ишенбептир. Фариданын сөөгүн телефону менен татуировкасынан улам тааныптыр. Мен деле келгенче кызымдын өлгөнүнө ишенген жокмун, тирүү көрүп калчудай сезим менен келдим. Бирок… Мага кызымды көрсөтпөй коюшту. Денеси ар кайсы жакка чачырап кетип чогултушкан экен, кызыңдын элеси көз алдыңда мурдагы боюнча калсын дешти. Жалгыз кызымды жоготконума ишене албай өзүмө кол салгым келип турду. Азыр да депрессия болуп, ар кандай ойлор жеп, балдарымды да кыйнап жатканымды билем», — дейт сыздаган эне.