Чак түштө «Бета Сторес-2» тарапта ок атылды. Окуянын чоо-жайы

Кечээ, 21-июлда саат 14:30 чамасында милицияга Бишкек шаарынын Юнусалиев көчөсүндөгү «Бета Сторес-2» соода борборунун жанында октон жаракат алган адам жатат деген билдирүү келип түшкөн.

Октябрь РИИБдин берген маалыматына караганда, айтылган дарекке №3 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам тергөө кызматкерлери барышкан. Аларга жаран арыз менен кайрылган. Маалыматка караганда, Кыргыз жараны менен Түркия жаранынын ортосунда чыр чыгып, Түркиянын жараны ага ок атып, качып кеткенин билдирген.

Жабырлануучу Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Анын төшүнүн сол тарабына ок тийген. Ошондой эле окуя болгон жерден «МР79 9 ТМ» үлгүсүндөгү травматикалык тапанча, 1 даана гильза табылган. Бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбашчылык) менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, экөөнүн ортосундагы чыр акчага байланыштуу.

Чет өлкөлүк жаран милицияга билдирген маалымат боюнча, ошол күнү түшкө маал жабырлануучу соода түйүн жактан жолугушууга чакырган. Ошол эле учурда Түркиянын жаранына кол салууга даярдык жүрүп жатканын эскерткен. Алар жолуккандан кийин жабырлануучу кездемеге оролгон тапанчасын көрсөтүп, коргонуу үчүн жанына алууну сунуштаган. Бирок чочуган чет өлкөлүк жаран имараттан чыга качкан.