ӨКМден градусник сынса эмне кылуу керектигин жана сымапка уулануунун белгилерин айтып беришти.
Сымап затына уулануунун белгилери:
— Адам сымапка катуу ууланганы 8-24 саат ичинде билинет;
— Алсыз болуу;
— Табиттин жоголушу;
— Баш оору;
— Шилекей жутканда тамактын оорушу, оозго темирдин даамы келиши;
— Ооз көңдөйүнүн канашы;
— Ич оруу;
— Көңүл айнуу, кусуу;
— Ич өтүү;
— Шишик пайда болот. Мына ушу белгилер пайда болгондо, жакын жердеги медициналык мекемедеги дарыгерге кайрылып, тийиштүү жардам алыңыз. Саламаттыгыңызга өз убагында кам көрүңүз.