«Чаппа!» деп чырылдап ыйлаган бала. Бала бакчада баланы урган аялдын видеосу тарады (видео)

Социалдык тармактарда «Кызыл-Аскердеги бала бакча» деген темада видео тарады. Анда кичинекей баланы аял бурчка алып барып чаап, «өлтүрүп коём, уктуңбу?» деп урушуп жатканын угууга болот. Ал эми баланын чырылдап «чаппа!» деп ыйлаганы угулат.

Окуя Кызыл-Аскердеги «Золушка» менчик бала бакчасында болгону айтылууда.