«Чарчаган арстанымдын акыркы сүрөтү». Ташиев Конгантиев тууралуу пост жарыялады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ИИМдин мурдагы башчысы, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиевдин акыркы жолу түшкөн сүрөтүн жарыялап, «Чарчаган арстанымдын акыркы сүрөтү…» деген жазуу калтырды.

Молдомуса Конгантиев кечээ, 12-февралда 63 жашында көз жумду. Ал 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Адистиги — укук таануу. Юридикалык илимдердин кандидаты. Милициянын генерал-лейтенанты атайын наамга ээ.

Милицияда кызмат өтөөнү кенже жетекчилик курамдан баштаган. Ички иштер органдарындагы кызматын ал 1979-жылы күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштаган, андан ары ал нөөмөтчү, участкалык инспектор, ОБХСС ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери болуп иштеген. 1993-жылдан тартып Жалал-Абад ШИИБдин начальнигинин орун басары, 1995-жылдан Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийинчерээк ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген.

2008-жылдын январында Ички иштер министри болуп дайындалган. ИИМди ал 2010-жылга чейин жетектеген.