ӨКМдин Чаткал району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн имараты жаңыланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Муну менен катар өздүк курамдын иштөөсүнө бардык шарттар түзүлүп, учурда курулуштун дээрлик 90 пайызы аяктоодо. Алдыңкы айларда пайдаланууга берилүүсү пландалып жатат», — деп жазылат маалыматта.
Аталган өрт өчүрүү бөлүкчөсү 6 миңден ашуун калкты жана 12 социалдык объектинин тейлейт. Ал 1952-жылы курулуп, ошол жылдан тартып Терек-Сай айыл өкмөтүнө кызмат көрсөтүп келет.